ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Кечээ валюта рыногунда банктар 7,6 млн доллар сатып алышты
20.07.2022 | 10:57
2022-жылдын 19-июлундагы банктар аралык валюта аукционунда Кыргызстандын банктары 7,6 миллион долларды сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Келишим түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөрдүн суммасы 4,6 миллион долларды, ал эми келишим түзүлгөн күндөн башка күндөгү эсептешүүлөр менен 3 миллион долларды түздү. Акыркы жолу мындай чоң сумма 1-июлдагы аукциондо 9 миллион 50 миң доллар болгон.
19-июлда америкалык валюта 1 долларга 79,5 сом ачуу жана жабуу курсу менен сатылып алынган. Буга чейин доллар ушул курс менен 2022-жылдын 5-июлунда сатылып, 5,9 миллион доллар сатылып алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика