Өз апасын өлтүргөнүн моюндаган 16 жаштагы кыз окуя тууралуу айтты

Өз апасын өлтүргөнүн моюндаган 16 жаштагы кыз окуя тууралуу айтты

Казакстандын Актобе шаарында окуучу кыз өз апасын өлтүргөнүн мойнуна алды, деп жазат Tengrinews.kz басылмасы.

Маалыматка караганда, 40 жаштагы аялдын өлүмү боюнча эки адам – маркумдун 16 жаштагы кызы жана анын 18 жаштагы жигити айыпталууда.

Соттун биринчи отурумунда айыпталып жаткан 18 жаштагы жигит кыздын кылмыштуулукка эч кандай тиешеси жок экенин жана барын ал өзү жасаганын айткан.  Соттун экинчи отурумунда ал берген көрсөтмөсүн өзгөртүп, кыз өзү бир нече жолу апасын бычак менен сайганын айткан.

“Сүйлөшкөн кызымдын апасы мени бөлмөгө чакырды, ал мени тилдеп, урушту. Менин колуман эч нерсе келбей турганын жана кызы ага караганда мени көбүрөөк жакшы көрөрүн айтты. Ал спирт ичимдик ичип жүрчү. Бөлмөдө сыранын бош төрт бөтөлкөсү жана бычак турган. Кайым айтышуудан кийин, ал бычакты алып мени коркута баштады. Мен бычакты ордуна коюп коюуну өтүнүп, тынч жол менен сүйлөшүүнү сунуштадым.  Бирок, ал мага бычак менен асылып баштады. Биз бөлмөдөн чуркап чыгып, мен анын колунан бычакты алып, аны муунтуп баштадым. Мурун мен күрөш менен машыккам, болгону аны муунтуп, уктатып коеюн дегем. Мен полдо анын алдында жатып калдым, ошол учурда кыздан апасын тынчтандыруусун өтүндүм. Ошондо ал бычак менен апасын сайып жибергенин сездим. Мен “эмне кылып жатасың?” деп кыйкырдым, бирок ал мени уккан жок”, — деген айыпталуучу.

Ал эми 16 жаштагы окуучу кыз сотто апасына бычак сайганын мойнуна алып, ошол учурда эмне кылып жатканын билбей калганын айткан. Анын айтымында, ал апасын өлтүрөйүн деп ойлогон эмес.

Бул окуядан кийин алар апасынын жансыз денесин балконго чыгарып, жагымсыз жыт болбош үчүн уксуз аралашкан суу куюшкан. Төрт күн алар батирде болуп, төртүнчү күнү алар агасына айтууну чечишкен.

Кыз сотто апасы аны жакшы көрбөгөнүн жана дайыма сабаганын айткан.

“Апам мени сабачу. Бир жолу апам мени жаздык менен муунткан, мен өлүмүш болуп жатып калчумун. 7 жашымда апам бычак менен мени коркутуп, “Кел мен сени саям, андан кийин өзүмдү сайып, чогуу өлөбүз” дечү. Мен апаман андай кылбоону суранып ыйлачумун”, — деген ал.

Учурда сот иштери уланууда. Кылмыш ушул жылдын май айында болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>