Салык кызматынын ишин көзөмөлдөгөн коомдук сайт пайда болду

Салык кызматынын ишин көзөмөлдөгөн коомдук сайт пайда болду

Мамлекеттик салык кызматы www.stat.salyk.kg салыктык башкаруу боюнча ачык статистикалык маалыматтардын порталын ишке киргизди. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

«Stat.salyk.kg жарандарга салыкты тескеп-башкаруу боюнча актуалдуу маалыматты бир жерден алууга мүмкүндүк берет, мында өткөн жылдарга салыштырмалуу учурдагы мезгилдин маалыматтары жарыяланып турат. Бул коомчулукка салык кызматынын ишин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

Stat.salyk.kg порталында Мамлекеттик салык кызматы ай сайын канча салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултары, анын ичинде киреше салыгы, сатуудан алынуучу салык, КНС (ЕАЭБ жана ички импорт боюнча) боюнча маалыматтар камтылган.

Активдүү юридикалык жактар, жеке ишкерлер, ири салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтар да коомдук доменде.

Мындан тышкары бул жерден өлкөдө канча кассалык аппарат орнотулганын дагы билсе болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>