Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Кеминде пенсионерди өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды
06.09.2022 | 09:04
Кеминде пенсионерди өлтүрө сүзүп кеткен унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-сентябрда саат 11:00дөр чамасында “Мерседес Бенц” унаасынын 31 жаштагы Т.Ж. аттуу айдоочусу 76 жаштагы А.Т. аттуу адамды сүзүп кеткен. Жүргүнчү окуя болгон учурда жөө өтмөктөн өтүп бара жатканы айтылат. Жол кырсыктын кесепетинен А.Т. жеринде каза болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-пункту боюнча кылмыш иши козголуп, Т.Ж. аттуу айдоочу кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом