Асман шаары кандай болот? Жапаровго үч вариант сунушталды

Асман шаары кандай болот? Жапаровго үч вариант сунушталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Асман экологиялык таза шаары” концепциясын кароо боюнча жумушчу комиссиянын жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарада Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университетинин, Мамлекеттик долбоорлоо институтунун Ысык-Көлдөгү филиалынын жана «Кыргызреставрация» илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун» мамлекеттик ишканасынын адистери тарабынан даярдалган үч концепция каралды.

«Асман» долбоору президенттин тапшырмасы менен ишке ашырылып жатат, демек, шаар бар болот!», — деп баса белгиледи Акылбек Жапаров концепцияларды көрсөтүүдөн кийин.

Ал белгилегендей, курулушту 20 миңдей кишилик кичи шаарчадан баштоо керек, ал жерде калктын ден соолугун чыңдоо жана туристтерди тартуу үчүн жыл бою шарттар түзүлүшү керек.

Ошондой эле Акылбек Жапаров белгилегендей, экологиялык таза Асман шаарында IT адистерине, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген санариптик көчмөндөр үчүн иштөө мүмкүнчүлүгүн түзө турган алдыңкы жана мыкты санариптик телекоммуникациялык технологиялар болушу керек.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>