БШК мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун депутаттык мандатынан ажыраттыОштун жаңы мэри Жанар Акаев жөнүндө эмнени билүү керек: Өмүр баяны жана чуулгандуу билдирүүлөрүИран аскердик машыгуулар үчүн Ормуз кысыгын убактылуу жаптыБалдарды зордуктоо кылмышы үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын киргизүү сунушталуудаМигранттардын Кыргызстанга акча которуулары тарыхый жогорку чекке жеттиКыргызстандан унаа катализаторлорун ташып чыгууга алты айга тыюу салынды
Кеминдеги жол кырсыкта 5 адам мерт кетти
29.08.2022 | 19:47
Кемин районунда жол кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болду.
Маалым болгондой, жол кырсык 26-августка караган түнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун аймагында катталган. Чоң жүк ташуучу унаа менен “Субару Легаси” унаалары бетме бет кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 5 адам ошол жерде каза болгон. Алардын экөө аял, үчөө эркек. Каза болгондордун экөө жубайлар болгон. Жүк ташуучу унаада эки ада болгон.
Учурда жол кырсыктын чоо-жайы такталууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар