Бишкекте эртең кайсы көчөлөр жабылат?

Бишкекте эртең кайсы көчөлөр жабылат?

Бишкек шаарында эртең, 30-августта өткөрүлүүчү футбол оюнуна байланыштуу айрым көчөлөр жабылат.  Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 14:00дөн тартып 23:00гө чейин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанындагы көчөлөр жабылат.

Тоголок Молдо көчөсүнөн түндүктү карай, Чүй проспектисинен тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү, Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдо  көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Кайгуул кызматы айдоочулардан жол эрежесин сактап, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат.  Беттеш учурунда борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун укук коргоо органдары жана кайгуул кызматы  камсыздайт.

Белгилей кетсек, эртең, Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлеринин ортосунда жолдоштук беттеш өтөт. Мелдешке президент Садыр Жапаров катышат. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: кыймыл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>