Баткенде оор кылмыштарга шектелген үч жаран кармалды — видео

Баткенде оор кылмыштарга шектелген үч жаран кармалды — видео

Баткен облусунда оор кылмыштарга шектелген үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Кармалган жарандар уурулук, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине баш ийбөө, каршылык көрсөтүү жана башка кылмыштарга шектелүүдө.

«Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургандарынан турган адамдардын тобу мыйзамга каршы иш-аракеттерди жасады деп шектелүүдө. Бул топтун бардык катышуучулары диний агымдардын бирине берилген. Алардын лидери, руханий насаатчысы «Абу Нур» деген лакап ат менен белгилүү Г.К. аттуу жаран болуп саналат. Алар жарандарга ири өлчөмдө материалдык зыян келтирип келишкен. Ошондой эле, үйлөрдүн ичине кирип, бир нече миллион сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын уурдашкан», — деп айтылат маалыматта.

Колго түшүрүлгөн шектүүлөрдүн экөө ИИМде кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда зер буюмдар, рациялар, банктык карточка жана башка буюмдар табылган.

Учурда шектүүлөр камакка алынып, ыкчам-тергөө иштер уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>