Көк-Жарда мыйзамсыз үйлөрдү курууга байланыштуу мурдагы айыл өкмөт башчы кармалдыШарт түзмөйүнчө эч нерсеге тыюу сала албайбыз — Мэр тыгын маселесин талкууладыКөңүл буруңуздар! 21-октябрда “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында суу өчүрүлөтБишкек мэри шаарда метро курулабы деген суроого жооп бердиЭнергетика министрлиги: “Кемин” көмөк чордону ноябрга чейин толук даяр болотБаңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи
Кемпир-Абад иши. Абактагы алты адам ачкачылык жарыялады
23.08.2023 | 19:08
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган алты адам ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) 23-августта кабарлашты.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров, саясатчы Жеңишбек Молдокматов, президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшебаев, активисттер Марат Баязов менен Айданбек Акмаматовдор СИЗО-1де камакта.
Алар сотко берген дооматтарынан улам тамак-аш алуудан баш тартышкан.
“Алардын СИЗО-1 кызматкерлерине эч кандай дооматтары жок. Алардын ден соолугунун абалы канааттандырарлык, абактагылар дарыгерлердин көзөмөлүндө”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар