Кийизден жасалган бут кийимдерсиз: Бишкектен белекке эмне алып кетсе болот?
Эгемендүүлүктүн 30 жылында Кыргызстанда туристтер эң көп сатып алгансувенирлердин тизмеси калыптанды. Курут, «Шоро», муздаткычка жабыштырылуучу жыгач магниттер, бал, коньяк, кийизден жасалган бут бут кийимдер менен оюнчуктар, кыргыз оймо-чиймелери түшүрүлгөн кемселдер өлкөнүн визиттик карточкасына айланды. Бул нерселерди Кыргызстанга биринчи жолу келгендерге туристтик форумдарда сунуштайт. Бирок мындан да кызыктуу сувенирлер бар.

Акыркы беш-алты жылда кыргызстандык жаш дизайнерлер этникалык мотивдердикүнүмдүк буюмдарга ийгиликтүү айкалыштыра башташты. Мындай буюмдар стилдүүкөрүнөт, аларды колдонуу эстетикалык ырахат тартуулайт, ал эми белек катары — магнитке караганда алда канча эсте калаарлык болот. Бишкектен өзгөчө кандайбелектерди алып кетсе болорун жана аларды кайдан табууга болорун айтып беребиз.
Байпактагы постирония
Бишкекте эң оңой табыла турган сувенирлердин бири — LUCKY SOCKS байпактары. Аларды Бишкектин жана башка шаарлардын ири дүкөндөрүнөн жана чоң май куюучужайлардан кезиктирүүгө болот.Бул байпактарды туристтер да, Кыргызстандынтургундары да абдан кызыгып кийишет. Алар Казакстандын рыногуна да чыгып, Алматы жана башка шаарларда сүймөнчүлүккө ээ.




Алардын өзгөчөлүгү көз жоосун алган кооз жерлер жана улуттук оймо-чиймелертүшүрүлгөн принттерде гана эмес, жазууларында да. Кээ бирлери жылуу болсо,айрымдары ирониялуу жана тамашалуу. Ар кандай табитке ылайык варианттар бар: макал-лакаптардан тартып «Жаным», «Кара жаным», «Сүйүү», «Торпогум» сыяктуу назиксөздөр жазылган. Ошондой эле ирониялуу жазуулар да кездешет. КМШ боюнча белгилүү болгон ак-кызгылт сары газдалган суусундуктун таңгагында «Досум – абрикосум», «Кымыз энергия», «Соода болсун», «Кыйын кыз» ж.б.
Мындан тышкары, орусча жана англисче жазуулар да бар: «Снаружи фешен – внутри депрешен», Red flag, Girl power, «Псина», «Пикми», «Девочка мечта», «Бесишь», «Ножки крошки», «На год ближе к пенсии».Б ренд ошондой эле жөнөкөй термобайпактарды да сунуштайт, аларды тоого чыкканды жакшы көргөндөр кубануу менен сатып алышат.
Баасы: 200 сомдон жогору
Шамдар, стикерлер жана этно-стол оюндары
Өзүңүзгө же белекке оригиналдуу, эсте каларлык жана ошол эле учурда пайдалуу нерсеиздеп жатсаңыз Бишкектеги «Bir Quzuq Jer» шоурумуна баш багыңыз. Бул жердежыйырмадан ашык кыргыз жаш дизайнерлеринин буюмдары сатылат. Анын аталышы да бекеринен эмес, кыргызча «Бир кызык жер» деп которулат.
Бул жерден этно-декор менен жасалган шамдарды, жаман энергияны кубалайт депэсептелген арча кошулган шамдарды, кыргыздын экологиялык жыпар жыттуу ысырыкчөбүн жана ага арналган түтөтүүчү идиштерди табууга болот. Ошондой эле колгожасалган чопо жана керамика идиштер, от күйгүзүч (зажигалка), термос, күндөлүктөр, кыргыздын кооз жерлери жана оймо-чиймелери түшүрүлгөн стикерлер этно стилдегиброшкаларды жана брелокторду, ошондой эле күнүмдүк тагынуу үчүн кыргыз стилиндегизер буюмдарды жана аксессуарларды сунушташат.
Стол оюндарын жактыргандар үчүн кыргыздын улуттук оюндарынын топтомдору жанафольклорго негизделген оюндар — «Улуу мелдеш», «Топ таш», «Чүкө» жана башка оюндар сонун белек болот.
Бул жер жаңы дизайнердик буюмдардан тышкары, ретро пластинкаларды, винтаждыккитептерди, пленкалуу фотоаппараттар жана ал тургай винтаждык кийимдердисаткандыгы менен да кызыктуу. Демек, Кыргызстандан «Made in KG» буюмун гана эмес, Бишкектен табылган башка өлкөлөргө таандык кызыктуу нерселерди да алып кетсеңизболот дегендт билдирет.
Баасы: 50 сомдон 10 000 сомго чейин.
Күнүмдүк этностиль
Эгер Кыргызстанды эске салган бир бөлүгүн өзүңүз менен ала жүрүүнү же аны белек кылууну кааласаңыз, кийим-кече, зер буюмдар жана аксессуарлар эң жакшы тандоо болот. Кыргыз дизайнерлери салттуу чапан, белдемчи, кур, тебетей, элечек, сумка, жоолук, жилет, шым сыяктуу кийимдерди заманбап стилге ылайыктап кайра иштеп чыгышууда. Мурда чоң ата-чоң энеден калган сандыктагы кийимдер катары кабыл алынган нерселербүгүн модадагы глобалдашууга жооп болуп, биз барбыз жана өз тамырыбыздыунутпайбыз деген маанини туюндурат. Натыйжада абдан кызыктуу, кээде атүгүлтайманбас чечимдер пайда болууда.
Мындай бренддердин бири «Olpok». Ал кыргыздардын жана Борбор Азия элдерининсалттуу өзгөчөлүгүн заманбап шаар жашоосуна киргизет. Аталышы да тарыхый маанигеээ:ак олпок илгери жоокерлерди коргогон кебез салынган сырткы кийим, ал эми олпокбешикке салынуучу жумшак төшөкчө. Бренд көйнөк, кемсел, чапан, шым, юбка, белдемчи, оймо-чиймелүү сумкаларды сунуштайт. Ошондой эле зергерчилик мурасты да заманбаптап, шакек, билерик, сөйкө, чачка тагылуучу чачпак, шуру, диадема жанатумарларды чыгарат. Башка маданияттардан алынган элементтер да бар. Мисалы, японхаори накидкасы же европалык корсет, бирок кыргыз оймо-чиймеси менен айкалышкан.
Дагы бир кызыктуу бренд «Quurchaq». Куурчак деген сөз салттуу чий куурчактыбилдирет. Ал кийиз менен чийден жасалган, көчмөндөрдүн жөнөкөй, бирок маанилүүоюнчугу жана тумары болгон. Азыр бул брендде андай куурчактар жок, бирок колгожасалган банан-сумкалар, бомберлер, шымдар, шырдактар, кийизден жасалган брошь жана шакектер, куржундар, тери бомберлер бар. Баары кол эмгек жана сайма мененкооздолгон. Ошондой эле алар кыргыз саймасы боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт.
«Ethnic» брендинде бир аз жөнөкөй, күнүмдүк колдонууга ылайыктуу нерселер бар: жибекнакидкалар, жоолуктар, пахтадан жасалган футболкалар, шоперлер, калпактар жанахудилер. Алар кыргыз оймо-чиймелери, петроглифтер жана көчмөн турмуштункөрүнүштөрү менен кооздолгон. Ошондой эле бул брендде титан болоттон жасалган, керамика жана табигый таштар менен коштолгон зер буюмдар бар.
«Cut a dash» бренди керамикалык зер буюмдарды шуру, билерик, статуэтка жана шамкоюучу буюмдарды чыгарат. Бирок негизги багыты нео-этностильдеги кийимдер: көйнөк, юбка, корсет, шым, пиджак, бомбер, шарф, сумка ж.б. Бул жерде сайма ар дайым эле колдонулбайт, көбүнчө форма жана оймо аркылуу улуттук элементтер берилет.
Ал эми TAMLER зергерчилик үйүндө алтын, күмүш жана асыл таштардан жасалганөзгөчө зер буюмдар бар. Бул жерден кар барс сүрөтү түшүрүлгөн жөнөкөй брошьтонтартып, сөйкө, кулон, массивдүү билерик же улуттук символдор түшүрүлгөн шакектердитаба аласыз.
Бул категориядагы баалар ар кандай: жөнөкөй шакек же билериктер 200–500 сомдонбашталса, колго саймаланган тери бомберлер же алтын зер буюмдар 200 миң сомдонжогору болушу мүмкүн.
Елена Короткова



