ТМУ өлкөлөрү сот тажрыйбасын алмашуу үчүн бирдиктүү онлайн платформа түзүшөт22-июнь: Өлкө боюнча жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөтОшто көчөнү кеңейтүүгө тоскоолдук кылган эки адам кармалдыКыргыз-герман ишкер кеңешинин отуруму сентябрда КРда өтөтТажикстанда компаниялардын кызматкерлерин жумуш ордунда көнүгүү жасоого милдеттендириштиЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 21-июнга карата аба ырайынын божомолу
ККМны 6 айга жылдыруудан бюджетке канча сом түшпөй калары айтылды
14.12.2023 | 12:54
Көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүүнү 2024-жылдын июль айына жылдырылгандан кийин бюджетке пландалган 3-4 миллиард сом түшпөй калат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.
Ал Мамлекеттик салык кызматы кошумча булактарды издеп жатканын белгиледи.
“Негизи “Аламүдүн” базарында 75 пайыз соодагерлер аппарат коюшкан. Азыр “Дордой” базарында дагы ишкерлер макул болуп олтурушат. Кара-Суу районундагы митингден кийин эле каршы болуп кетишти”, – дейт салык кызматынын жетекчиси.
Белгилей кетсек, өткөн аптада өлкө боюнча чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн митинги болуп, анда патент системасын калтыруу талабы жана көзөмөл-кассалык аппараттарды орнотууга каршылык айтылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика