Министр Кулубаев чет жердеги диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугушту

Министр Кулубаев чет жердеги диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугушту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев чет өлкөлөрдөгү мекендештердин диаспоралык уюмдары менен бирикмелеринин атынан Бишкекте өтө турган экинчи Элдик курултайга катышуу үчүн келген делегаттар менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушуу бүгүн, 14-декабрда Тышкы иштер министрлигинде өткөн. Кулубаев делегаттарга курултайга даярдык көрүүнүн алкагында президенттин тапшырмаларын аткаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан дипломатиялык иштер тууралуу айтып берген. Ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча маалымат берген.

Эскерте кетсек, Элдик курултай Бишкекте 15-16-декабрда өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>