АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Кочкордо 30 гектар айдоо жер мамлекетке кайтарылды
15.06.2026 | 12:13

Нарын облусунун Кочкор районунда баасы 30 млн 500 миң сомду түзгөн айдоо жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Кочкор райондук прокуратурасы Чолпон айыл аймагындагы жер мыйзамдарынын сакталышын текшерген. Анын жүрүшүндө «Эрсары-Шайтан-Кашар» тилкесиндеги 30 гектар сугат айдоо жери 1996-жылы мыйзамсыз түрдө жеке дыйкан чарбасына 99 жылга берилип кеткени аныкталган.
Прокуратуранын чаралары жана соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында жер тилкесин берүү боюнча актылар жараксыз деп табылган. Аталган жер Чолпон айыл аймагынын муниципалдык менчигине кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Башкы прокуратура, Нарын