Минкаб: Нарындагы Куланак ГЭСи 2027-жылы пайдаланууга берилет
Нарын облусунда Куланак ГЭСинин курулуш иштери 2027-жылы аяктайт. Учурда объектиде дамбанын, станция имаратынын жана узундугу 6,5 чакырым болгон суу жеткирүүчү каналдын курулушу активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Нарынга болгон иш сапарында ГЭСтин курулушу менен таанышты. Маалыматка ылайык, учурда курулуш аянтында учурда 600гө жакын адам иштеп жатат, жайкысын алардын санын 1200гө чейин жеткирүү пландалууда.
Куланак ГЭСи «Нарын» өндүрүштүк ишканасы тарабынан курулууда. Станциянын кубаттуулугу 100 МВт түзүп, ал жылына 435,2 млн кВт саат электр энергиясын өндүрүүгө жөндөмдүү болот. Долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө жана аймактын ирригациялык тутумун жакшыртуу максатында ишке ашырылууда.
Эрлист Акунбеков тиешелүү тараптарга иштерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.




