Кочкордо автоунаа жылкы менен сүзүшүп 19 жаштагы кыз каза болду

Кочкордо автоунаа жылкы менен сүзүшүп 19 жаштагы кыз каза болду

Кочкор районунун Төлөк айылында Daewoo Nexia унаасы жылкы менен сүзүшүп, 19 жаштагы жүргүнчү кыз каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, кырсык 23-ноябрь күнү саат 22:10до Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 243-чакырымында катталаган.

Адам өмүрүн алган бул кырсыктан дагы үч адам ар кандай жаракаттарды алып, тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>