КР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмеси
2026-жылы жалпы кубаттуулугу 81,03 мегаватт болгон 13 кичи гидроэлектр станциясын ишке киргизүү пландалууда. Күтүлүп жаткан электр энергиясын иштеп чыгуу жылына болжол менен 348,3 миллион киловатт-саатты түзөт, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.
Анын маалыматына караганда, КР президенти Садыр Жапаров Энергетика министрлигине энергетика тармагын өнүктүрүүгө, генерацияны көбөйтүүгө жана альтернативдик энергия булактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берген.
Энергетика министрлиги төмөнкүлөр ишке киргизилерин тактайт:
• Чүй облусунда: Кең-Төр — 10,63 мегаватт, Сокулук — 39,5 мегаватт, Туюк — 5,9 мегаватт, Кичи-Кемин — 7,1 мегаватт;
• Ысык-Көл облусунда: Орто-Токой — 21 мегаватт, Түп — 9 мегаватт;
• Жалал-Абад облусунда: Сары-Таш — 4,6 мегаватт, Кайнама — 24,8 мегаватт (ишке киргизилген);
• Талас облусунда: Үр-Марал — 1,6 мегаватт;
• Ош облусунда: Коңдук — 5,3 мегаватт, Алай Гидро — 4,4 мегаватт;
• Баткен облусунда: Лейлек — 6 мегаватт;
• Нарын облусунда: Куртка — 1,2 мегаватт.
Эскерте кетсек, 2021-жылдан 2025-жылга чейинки мезгил аралыгында жалпы кубаттуулугу 109,8 мегаватт болгон 27 кичи гидроэлектр станциясы ишке киргизилген. Алардын жалпы иштеп чыккан электр энергиясы жылына болжол менен 427 миллион киловатт-саатты түзөт.
Мындан тышкары, 2026–2030-жылдары жалпы кубаттуулугу 421,26 мегаватт болгон 48 кичи гидроэлектр станциясын ишке киргизүү пландалган.