Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Министрлик кумарканалардын салыгын азайтууну кайра сунуштады
24.03.2023 | 13:17
Экономика жана соода министрлиги кумарканалар үчүн салыктын көлөмүн азайтуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, бааларды төмөнкүдөй кылып өзгөртүү сунушталды:
Кумарканадагы бир оюн столу (флот) үчүн:
- 2023-жылы – 450 000 сом; (азыркы талап боюнча 1 млн. сом)
- 2024-жылдан тартып – 600 000 сом; ( азыр 1 млн. 250 миң сом)
Оюн автоматтар жана компьютердик симулятор залдарында бир оюн автоматы үчүн:
- 2023-жылы – 10 миң сом; (азыр 75 миң сом)
- 2024-жылдан тартып – 15 миң сом; (азыр 100 миң сом)
Мекеме мындай өзгөрүү инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүү максатында жүрүп жатканын, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү экономикалык кырдаалды эске алуу менен бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген салыктык ставка иштелип чыкканын билдирди.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом