Активист: Мас абалда унаа айдаган сот жоопкерчиликтен качып жатат

Активист: Мас абалда унаа айдаган сот жоопкерчиликтен качып жатат

Жарандык активист Эртай Искаков Ысык-Көл облусунун административдик соту Жеңишбек Барынбаев 8-мартта мас абалында унаа айдаганы үчүн кармалганын билдирип, президент Садыр Жапаровго, Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековго жана Башкы прокуратурага кайрылды.

Анын айтымында, 8-мартта Жеңишбек Барынбаев мас абалында кармалып, Наркологиядагы текшерүү анын ичимдик ичкенин тастыктаган.

Искаков 8-марттан тарта мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө ылайык, мас абалында унаа башкаргандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу каралганын, бирок азыр жоопкерчиликтен кутулуу аракеттери болуп жатканын билдирди.

«13-мартта Каракол шаарынын соту А.П. Абдираев материалдарды карап, жаңы мыйзамга ылайык, мас сотту айдоочулук күбөлүктөн ажыратуунун ордуна, материалдарды протокол туура эмес толтурулган деп Каракол шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө кайра жөнөткөн. Бирок баары туура толтурулган», —  деп билдирди ал.

Буга байланыштуу ал бийликке кайрылып, Ысык-Көл облустук сот мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышы үчүн ишти көзөмөлгө алууну суранды.

Жогорку сот бул окуя боюнча маалыматты тактап берерин билдирди.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>