Жапаров япон ишкерлери менен жолукту. Эмнелер талкууланды?

Жапаров япон ишкерлери менен жолукту. Эмнелер талкууланды?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тоо-кен тармагындагы дүйнөлүк долбоорлордун жетекчиси, унаалар үчүн призмалык литий-иондук аккумуляторлорду чыгарууга адистешкен “Prime Planet Energy & Solutions” компаниясынын кеңешчиси Накаба Чимура башында турган Япония мамлекетинин делегациясы менен жолукту.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун, өзгөчө тоо-кен тармагындагы маселелерди талкуулашты.

Мындан улам Акылбек Жапаров И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында тоо-кен тармагын изилдөө боюнча кыргыз-япон факультетин ачууга кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде, Накаба Чимура тоо-кен тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул багытта Кыргызстандын чоң потенциалын белгиледи.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>