Курулуш компаниянын Орто-Сай айылындагы «Н» контурунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 300 батир мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Жер тилкесине үч адам ээлик кылгандыгына карабай алардын бири Б.С. аттуу жаран аны курулуш компаниясына сатып жиберген. Өнөктөштөрдүн кайрылуусу менен тергөө иши жүрүп, 18 миң чарчы метр аларга кайтарылды. Үлүш ээлери 3 миң чарчы метрди гана өздөрүнө алып, калган 15 миң аянтты же 300 батирди мамлекетке берди. Анын наркы 1 млрд. 260 млн. сомду түзөт.
Үйлөрдүн курулушун жакынкы эки жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда.