Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Курулуш компаниянын 300 батири мамлекетке өттү
01.08.2024 | 14:43
Курулуш компаниянын Орто-Сай айылындагы “Н” контурунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 300 батир мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Жер тилкесине үч адам ээлик кылгандыгына карабай алардын бири Б.С. аттуу жаран аны курулуш компаниясына сатып жиберген. Өнөктөштөрдүн кайрылуусу менен тергөө иши жүрүп, 18 миң чарчы метр аларга кайтарылды. Үлүш ээлери 3 миң чарчы метрди гана өздөрүнө алып, калган 15 миң аянтты же 300 батирди мамлекетке берди. Анын наркы 1 млрд. 260 млн. сомду түзөт.
Үйлөрдүн курулушун жакынкы эки жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом