Кыргыз-кытай чек арасында жана өлкөнүн түштүгүндө жер силкинди

Кыргыз-кытай чек арасында жана өлкөнүн түштүгүндө жер силкинди

19-январь күнү саат 19:27де Кытайда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жер титирөө Кыргызстандын Нарын облусунун Ат-Башы районунда 3 балл, Нарын шаарында 2,5 балл жана Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Саат 02:18де  Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Токтогул районунун Бор-Дөбө айылында 3 балл, Кара-Көл шаарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>