20-март: Айрым аймактарда жаан жаайтReporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөт
Кыргыз-тажик чек арасы: Учурда да сүйлөшүү жүргөнү жатат
13.04.2022 | 10:56
Бүгүн, 13-апрель күнү саат 11:00дө кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кайрылуусунда билдирди.
Маалыматка караганда, түндө саат үчтөрдө эки тараптуу сүйлөшүү жүргөн:
- Кечээки чыккан инциденттин эмне себептен чыкканын биргеликте тактоо;
- Аскер техникасын, күч түзүмдөрүн эки тарап тең алып кетүү боюнча чечимдер кабыл алынган.
Ошондой эле Баткен жетекчилиги тажик тарап аскер техникаларын, күч түзүмдөрүн алып кетмейинче кырдаал курчуган аймактан чыкпай тураарын билдирди.Баткен облусунун Лейлек районундагы Селкана жерлигинде чыр-чатак орун алган жерде эки республиканын делегацияларынын кеңейтилген курамы жолугат. Күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнүп турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат