БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Кыргыз-тажик чек арасы: Учурда да сүйлөшүү жүргөнү жатат
13.04.2022 | 10:56
Бүгүн, 13-апрель күнү саат 11:00дө кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кайрылуусунда билдирди.
Маалыматка караганда, түндө саат үчтөрдө эки тараптуу сүйлөшүү жүргөн:
- Кечээки чыккан инциденттин эмне себептен чыкканын биргеликте тактоо;
- Аскер техникасын, күч түзүмдөрүн эки тарап тең алып кетүү боюнча чечимдер кабыл алынган.
Ошондой эле Баткен жетекчилиги тажик тарап аскер техникаларын, күч түзүмдөрүн алып кетмейинче кырдаал курчуган аймактан чыкпай тураарын билдирди.Баткен облусунун Лейлек районундагы Селкана жерлигинде чыр-чатак орун алган жерде эки республиканын делегацияларынын кеңейтилген курамы жолугат. Күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнүп турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат