«Кыргызстан АКШны маанилүү тышкы саясий өнөктөшү катары баалайт»: Жапаров «Борбордук Азия – АКШ» саммитинде сөз сүйлөдү

07.11.2025 | 12:34

Өлко башчы Садыр Жапаров Вашингтондо «Борбордук Азия – АКШ» (C5+1) саммитине катышып, сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчы өз сөзүндө «Борбордук Азия – АКШ» форматындагы отурумга катышуу чоң сыймык экенин айтып, АКШ президенти Дональд Трампка чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирген.

“Жыйынтыгында Борбордук Азия аймагынын дүйнөлүк саясаттагы ролу эбегейсиз өсүп, биз менен кызматташууну бекемдөөгө ири державалардын кызыгуусу күчөп жатат. Бул өңүттө C5+1 форматы саясий диалогду өнүктүрүүгө максатталган маанилүү аянтчага айлангандыгы мени абдан кубандырат”,- деген ал.

Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстан АКШнын өзүнүн маанилүү тышкы саясий өнөктөшү катары жогору баалаарын жана АКШ менен көп кырдуу мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирген.

“Аймакта экономикалык өсүү боюнча оң динамика байкалууда. Бирок туруктуу өнүгүү үчүн АКШ менен соода алакаларын кеңейтүү жана америка инвестицияларын тартуу абдан маанилүү.Биз үчүн банктык төлөмдөрдү камсыз кылуу, инвестицияларды тартуу, долбоорлорду ишке ашыруу жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы сооданы активдештирүү максатында финансы-банктык кызматташууну өнүктүрүү зарыл. Биздин региондогу өлкөлөр олуттуу энергетика ресурстарына ээ. Бул тармакта америка компаниялары менен карым-катнаш түзүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар”,- деген ал.

Мындан тышкары Садыр Жапаров Кыргызстан АКШ менен кызматташуусунда 3 стратегиялык багытка көңүл бурарын билдирген. Алар:

  1. Гидроэнергетика. Өлкө башчынын айтымында, Кыргызстандын жалпы гидроэнергетикалык потенциал жылына 140 миллиард кВт⋅сааттан ашат, бирок анын болгону 15% гана колдонулат. Мындан улам өлкө бул тармакта инвестиция үчүн пайдалуу ири долбоорлорду сунуштоого даяр.
  2. Транспорттук байланыштар. Жапаров деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок мамлекет катары Кыргызстан заманбап транспорттук-логистикалык инфраструктура курууга өзгөчө көңүл бурарын белгилеген.
  3. Маалыматтык технологияларды жана жасалма интеллектти өнүктүрүү. Өлко башчы Кыргызстанда IT чөйрөсү жана креативдүү экономика тез өсүп жатканын жаан акыркы беш жыл ичинде АКШга IT кызматтарынын экспорту 45 эсеге көбөйгөнүн билдирген.

Өлкө башчынын айтымында, 2024-жылы кыргыз IT адистери дүйнөнүн 63төн ашык мамлекетине кызматтарын 130 млн долларга экспорттогон, бул багытта АКШ биринчи орунга чыккан.Тактап айтканда, IT кызматтарынын 40%ы АКШга, анын ичинде Силикон өрөөнүндөгү компанияларга экспорттолгон.

“Эл аралык Чейн анализис (Chainalysis) индексине ылайык, учурда Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу боюнча дүйнөдө 19-орунда турат. Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарына санариптик жөнгө салууну, анын ичинде РегТек (RegTech) инновацияларын өнүктүрүүдө өнөктөштүктү сунуштайт. Тактап айтканда, америка тарабына Кыргызстанда РегТек инновацияларынын аймактык хабын (RegTech Trust Hub) түзүүнү сунуштамакчымын”,- деген ал.

Мындан тышкары, өлкө башчы 2026-жылдын 4-5-февралында Бишкекте Б5+1 бизнесмендердин экинчи жолугушуусу өтө тургандыгын айтып, бул иш-чара АКШ бизнеси үчүн айыл чарба, электрондук соода, маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика, туризм, банк сыяктуу тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишенемин билдирген.

Садыр Жапаров сөзүнүн аягында бүгүнкү жолугушуу Борбордук Азия менен АКШнын ортосундагы көп кырдуу өнөктөштүгүн бекемдөөгө жаңы дем берерин айтып, АКШнын Президенти Дональд Трамп мырзага «С5+1» форматын уюштургандыгы үчүн дагы бир жолу ыраазычылыгын билдирген.

Scroll to Top