Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы азык-түлүк баалары салыштырылды
15.08.2025 | 12:06

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 15-августка карата Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы негизги азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүздү.
Кыргызстанда уй эти – 667,5 сом, кой эти – 681,3 сом, каймак май – 634 сом, өсүмдүк майы – 151 сом, сабиз – 56,5 сом, пияз – 38 сом, картошка – 42 сом, жумуртка – 87 сом болду.
Казакстанда пастерленген сүт – 100 сом, картошка – 41 сом, сабиз – 50,4 сом, өсүмдүк майы – 176,4 сом, жумуртка – 121 сом, каймак май – 733 сом.
Россияда кой эти – 732 сом, картошка – 71,4 сом, пияз – 64 сом, жумуртка – 121 сом, каймак май – 868 сом, нан азыктары – 135,5 сом.
Рубрики: Жаңылыктар