13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугушту
Кыргыз-тажик чек арасында дрондорду учурбоо макулдашылды
25.05.2023 | 09:20
Кыргызстан менен Тажикстан чек арада дрондорду учурбоону макулдашты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-майда кыргыз-тажик чек арасында Баткендин жетекчиси Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода баштаган жетекчилердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, провакациялык маалыматтарга жол бербөө жагы сүйлөшүлдү.
Ошону менен катар чек ара аймактарында учкучсуз аппараттарды (дрон) учурбоо макулдашылды. Аны менен катар чек ара айылдарында сугат сууну өз ара макулдашуу менен пайдалануу, пикир келишпестиктерге жеткирбөө жагы сүйлөшүлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом