Министрлик F1H2O дүйнө чемпионатынан кийин Ысык-Көлдүн суусу булганбаганын билдирдиЖоголгон альпинисттерди издөө: куткаруучулар кесипкөй дронду ишке тартышатКара-Балтада жаштар ортосундагы мушташтан кийин 10го жакын жигит кармалдыЖоголгон альпинисттерди издөө иштерин катуу кар татаалдаштырды — кененирээкЖаан жаайт: 11-августка карата аба ырайынын божомолу«Росатом» жана ОКӨФ КРде алгачкы шамал электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюшту
Кыргыз-тажик чек арасында дрондорду учурбоо макулдашылды
25.05.2023 | 09:20
Кыргызстан менен Тажикстан чек арада дрондорду учурбоону макулдашты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-майда кыргыз-тажик чек арасында Баткендин жетекчиси Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода баштаган жетекчилердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, провакациялык маалыматтарга жол бербөө жагы сүйлөшүлдү.
Ошону менен катар чек ара аймактарында учкучсуз аппараттарды (дрон) учурбоо макулдашылды. Аны менен катар чек ара айылдарында сугат сууну өз ара макулдашуу менен пайдалануу, пикир келишпестиктерге жеткирбөө жагы сүйлөшүлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом