Токтогулда 100 миң сом жардам алгандар кандай иштерди башташты?

Токтогулда 100 миң сом жардам алгандар кандай иштерди башташты?

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда «үй-бүлөгө көмөк» социалдык долбоорунун алкагында 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөр чакан ишкерчилик менен алектенишүүдө.

Акимчиликтен маалымдашкандай, Токтогул районунун акими А.Тюкебаев , Токтогул райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Г.Досматова болуп, Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү «Социалдык келишимдин» негизинде социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө барып, берилген акча каражатынын кандай пайдаланып жатканы менен таанышып чыкты.

Социалдык жардам алган жарандар негизинен мал чарбасын өнүктүрүүгө, кийим тигүүгө, кожогат өстүрүүгө басым жасашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>