Бүгүн, 31-мартта Кыргызстан менен Тажикстан биргелешип курган 500 кВ “Датка-Сугд” электр чубалгысы ишке кирди. Аземге эки өлкөнүн башчылары онлайн түрдө катышышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстандын Датка көмөкчордонунан Тажикстандын 500 кВ Сугд көмөкчордонуна чейин 500 кВтук чубалгынын курулушу аяктап, ишке берилди.
Ага ылайык, Кыргызстан боюнча 1 миң 243 түркүк орнотулуп, узундугу 456 км электр берүү линиясы, ошондой эле Датка көмөкчордонунда кошумча 500 кВ уяча курулган. Аталган көмөкчордонунан электр чубалгысы Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын чек арасына чейин өтөт. Электр чубалгынын узундугу 480 кмге жакын.
Өлкө башчылары бул чубалгы эки өлкөнүн энергосистемаларын бириктирерин, энергетикалык коопсуздукту бекемдээрин билдиришкен.