Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
Жакынкы жайыттарды колдонууга чектөө киргизилүүдө
31.03.2025 | 13:55
Жакынкы жайыттарга мал жайууга жыл сайын 15-апрелден 15-сентябрга чейин чектөө киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, акыркы учурларда жакынкы жайыттар жыл сайын үзгүлтүксүз пайдаланып, аларга күч келүүдө. Алыскы жайыттар толук пайдаланылбай, жол жээктеги жана коммуникация бар жайыт аянттары пайдаланууда.
Министрлик 139 миң 69 гектар жакынкы жайыт жерлери деградацияга учураганын, алар жакшыртылууга тийиш экендигин билдирди. Мындан улам жыл сайын 15-апрелден 15-сентябрга чейинки мезгилде жазгы жайыт жерлеринде мал жаюуга чектөө киргизүү сунушталган. Чектөөнү бузгандарга укук бузуулар кодексине ылайык атайын айыпка тартуу чаралары каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом