Кыргызстан Шаньдун провинциясы менен өнөр жай тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүдө

02.03.2026 | 20:18

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Шаньдун провинциясынын Кытай Коммунисттик партиясынын (ККП) комитетинин катчысы Линь У менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуу провинциянын административдик борбору Цзинань шаарында болуп өттү жана ал аймактар аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоого арналды.

Тараптар эки өлкө ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо багытына берилгендиктерин ырасташты. КР Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө аймагында жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргызстан акыркы беш жылда социалдык-экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жетишип, өнүгүүнүн жаңы этабына өтүүдө.

«Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги тарабынан жаңы өндүрүштүк технологияларды массалык түрдө киргизүү, экспортко багытталган өнөр жай ишканаларын ачуу жана жаштарыбыз үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү милдети коюлду. Кыргызстандын өкмөтү бул тармакта бир катар жаңы мамлекеттик программаларды иштеп чыгууда жана Кытайдын тажрыйбасына жана практикалык кызматташтыгына жигердүү таянууну көздөйт», — деп билдирди Эдил Байсалов.

Партиялык комитеттин катчысы Линь У кытай тарап инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин ырастады. Анын айтымында, Шаньдун провинциясы өнөр жайлык камсыздоо боюнча жаңы демилгелерди баштоого жана кыргызстандык аймактар менен гуманитардык алмашууну активдештирүүгө кызыкдар.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар аймактар аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти. Иш сапардын алкагында Кыргызстандын делегациясы КЭРдин негизги өнөр жай зоналарынын бири болгон Шаньдун провинциясынын алдыңкы машина куруу ишканаларынын иши менен таанышты.

Scroll to Top