Кыргызстанда өткөн жылы 400 миң тоннадан ашык эт өндүрүлгөн

Кыргызстанда өткөн жылы 400 миң тоннадан ашык эт өндүрүлгөн

2019-жылдын аягына карата республикада бардык категориялардагы чарбаларында 413 миң 500 жүз тонна эт өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Мал чарба, асыл тукум иштери жана илим бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылга салыштырмалуу 2,5 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлдү.

«Республикада эт өндүрүүнүн өсүшү малдын жана үй канаттуулардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, ири мүйүздүү малдын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 51 миң 862 башка көбөйгөн: кой жана эчкинин саны — 90 миң 174 башка, жылкылардын саны — 17 миң 355 башка жана үй канаттуулардын саны 99 миң 279 башка көбөйгөн», — деп билдиришти бөлүмдөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>