Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Кыргызстанда 202,3 миң майыптыгы бар адам жашайт
11.10.2022 | 14:20
Кыргызстанда 202,3 миң майыптыгы бар адам жашайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрдагы маалымат жыйында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Министрдин айтымында, алардын ичинен 35 миңи балдар.
Быйыл 1-июндан тарта бала кезинен майыптыгы (I топ) бар жашы 18ден улуу адамдар үчүн “жеке камкорчу” кызматы киргизилген. Буга чейин “жеке камкорчу” кызматы 18 жашка чейинки балдар үчүн көрсөтүлүп келген.
“Жеке камкорчу” болуп иштеген адамдар кийин пенсияга да чыга алат”, – деди ал.
Учурда Кыргызстанда 10 миң 910 киши жеке ассистент катары иштеп, аларга ай сайын 6,3 миң сомдон төлөнөт.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом