Кумтөр кыргыз тарапка өткөндөн бери бюджетке канча акча түштү?

Кумтөр кыргыз тарапка өткөндөн бери бюджетке канча акча түштү?

Кумтөр улутташтырылгандан бери бюджетке канча акча түштү? Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин отурумунда депутат Дастан Жумабеков каржы министринин орун басары Улан Даникеевден сурады.

Министрдин орун басары бул суроого бир аз кийинчерээк жооп берерин айтты. Депутат жалпы казылган алтындын 13% салык түрүндө бюджетке түз түшүшү керектигин айтты.

«2021-жылы бул сумма канча болду?» — деп сурады депутат.

Министрдин орун басары да маалымат чогултууга убакыт сурап, суроого жооп бере алган жок.

Кийинчерээк министрдин орун басары Кумтөрдөн түшкөн дүң киреше салыгы 8 миллиард 440 миллион сомду түзгөнүн билдирди.

Депутат бул суммадан тышкары Кумтөрдөн кошумча 2 млрд сом алынганын, бул 4%ды түзөрүн билдирди. Министрдин орун басары муну тастыктап, Кумтөрдөн түшкөн салыктын жалпы көлөмү 10 миллиард сомдон ашык экенин билдирди.

Бул жерде Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет каралды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>