Бишкектин отун базаларында учурда көмүр жок. Себеби

Бишкектин отун базаларында учурда көмүр жок. Себеби

Бишкектеги отун базаларында көмүр жок. Бул маалыматты “Кыргызкөмүр” ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова тастыктады.

Анын айтымында, учурда Кара-Кечеден Бишкек ЖЭБине көмүр ташылып жатат. Ошол эле учурда кенди казып алуу жана калкты көмүр менен камсыздоо максатында тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жийде Зоотбекова ишендиргендей, бир нече күндөн кийин отун базаларына көмүр бериле баштайт.

Өздүк булактар маалымдагандай, отун кампаларына казактын Шабыркүл көмүрү алынып келингени менен аны тез эле алып кетишүүдө. Казакстандын көмүрү 5100 сомдон сатылып жатат.

Белгилеп кетсек, Кара-Кечедеги көмүр кымбаттаган. Бир ай мурун бардык отун базаларында көмүрдүн тоннасы 4 миң сом болчу.

Бүгүнкү күндө майдаланган көмүрдү 4,5 миң сомго, ал эми кесегин 6 миң сомго чейин сатып алууга болот.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>