Жакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырды
Өлкөдө «Алтын тамга» аттестатын алган бүтүрүүчүлөр аныкталды
06.06.2022 | 08:52
Кыргызстанда 80 окуучу “Алтын тамга” аттестациясынан ийгиликтүү өтүп, артыкчылык аттестаттарына татыды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, сынакка 2 141 бала катышып, тесттен көбүнчө Бишкектеги мектептердин окуучулары (80 баланын 37си) өткөн. Экинчи орунда Ош (15) менен Жалал-Абад (11) облустары турат.
Буга чейин “Алтын тамга” аттестациясынан өтпөй калган айрым окуучулардын ата-энелери сынакка нааразы болуп жатканы маалымдалган.
Министрлик учурда апелляцияга арыз берип кайрылган бүтүрүүчүлөрдүн ишин техникалык комиссия кайрадан карап, толук каралып бүткөндө жыйынтык, башкача айтканда, аттестациядан өткөндөрдүн саны өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом