Өзбекстандын Статистика комитети КМШ өлкөлөрүнүн расмий маалыматтарына таянып, аталган шериктештикке кирген мамлекеттерде 1 миң адамга канча жеңил унаа туура келерин салыштырган.
Маалыматка караганда, Кыргызстанда миң кишиге 161 жеңил унаа туура келет.
Бул көрсөткүч боюнча, алдыңкы орунда Россия турат – 328 унаа. Беларуста миң адамга 324 жеңил унаа, Казакстанда – 189, Кыргызстанда – 161, Азербайжанда – 128, Өзбекстанда – 87 жана Тажикстанда 46 унаа туура келет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз