Президент Жапаров Кадамжай сурьма комбинатына барды

Президент Жапаров Кадамжай сурьма комбинатына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай сурьма комбинатынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президентке Кадамжай сурьма комбинаты 1936-жылы ишке киргизилгени тууралуу маалымат берилди.

«2021-жылдан бери түрк инвесторунун келиши менен комбинаттын ишмердүүлүгү жакшырган. Металлургиялык заводдон тышкары комбинаттын өндүрүштүк бөлүмдөрүнө көмөкчү цехтер, фабрикалар жана негизги өндүрүштү тейлөөчү участоктор кирет. Учурда комбинатта 600дөн ашык адам үч сменде иштейт», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>