Кыргызстанда бир жумада 19,8 миң айдоочу жол эрежесин бузду

05.06.2023 | 11:11

Өлкө аймагында бир жума ичинде 19 848 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 29-майдан тартып, 4-июнга чейин 19 848 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

– Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 169;

– мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 137;

– авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 57;

– жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 468;

– транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 5 705;

– авто ээнбаштык – 26;

– белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 212;

– жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;

– башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 071;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 369 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top