Кыргызстанда бир жумада 19,8 миң айдоочу жол эрежесин бузду

Кыргызстанда бир жумада 19,8 миң айдоочу жол эрежесин бузду

Өлкө аймагында бир жума ичинде 19 848 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 29-майдан тартып, 4-июнга чейин 19 848 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

— Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 169;

— мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 137;

— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 57;

— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 468;

— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 5 705;

— авто ээнбаштык — 26;

— белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 212;

— жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 3;

— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 071;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 369 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>