Катардын эмири Кыргызстанга иш сапары менен келет

Катардын эмири Кыргызстанга иш сапары менен келет

Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани 6-7-июнда Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бул күндөрү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтөт.

“Учурда коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо максатында ыкчам штаб түзүлүп, ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын эсептөө иштери жүргүзүлүп, ага ылайык, 3 миңге милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Расмий иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун толук камсыздашат”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул иш-чаралар учурунда жолдун айрым тилкелеринде унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

ИИМ ушуга байланыштуу жарандардан көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>