Ноокатта «Кадастрдын» жооптуу кызматкерлери пара менен кармалды

Ноокатта «Кадастрдын» жооптуу кызматкерлери пара менен кармалды

Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма чечимдеринин негизинде, Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат жана А.Мирмахмудов айыл аймактарында жайгашкан 65 гектардан ашык жер аянтын жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлерин жер тилкелерине трансформациялоосуз жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактыларын аныкталды.

Бул факт боюнча, Ош облусунун Ноокат райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери, жоопкерчиликтен качуу максатында УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан.

2-июнда УКМК кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (пара берүү) менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы Н.М. жана жетектөөчү адис К.у.К. УКМКнын кызматкерине 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан учурунда кармалышты. Кармалгандар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо максатында жерди алдаган бир нече фактыларды документтештирүү боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>