Кыргызстанда дары-дармек жеткирүү системасы өзгөрөт: Мыйзам кабыл алынды

Кыргызстан дары менен камсыздоодогу артта калууну жоёт: жөнөкөйлөштүрүлгөн аккредитация жөнүндө мыйзам кабыл алынды.
Сөз ден соолук тууралуу болгондо ар бир мүнөт маанилүү. Кыргызстанда бейтаптар көп учурда көзгө көрүнбөгөн тоскоолдукка — убакытка — туш болуп келишчү. Дүйнөлүк жөнгө салуучу органдар онкологияны, сейрек кездешүүчү ооруларды же оор жүрөк-кан тамыр патологияларын дарылоого арналган инновациялык дары-дармектерди бекиткен учурда, биздин жарандар бул дарыларды рынокко киргизүүгө бюрократиялык механизмдер жол бергенче жылдап күтүүгө аргасыз болушкан. Ал арада оору күтпөйт.
Эми бул жагдай өзгөрүүдө. Жогорку Кенеш жөнөкөйлөштүрүлгөн аккредитация жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Бул демилгени Юстмин, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен биргеликте көтөрүп, иштеп чыккан.
Мыйзамдын маңызы — Кыргызстан дүйнөнүн алдыңкы жөнгө салуучу органдары тарабынан текшерүүдөн өткөн дары-дармектерди автоматтык түрдө тааныйт. Алардын катарында АКШдагы FDA, Европадагы EMA, Улуу Британиянын, Швейцариянын, Япониянын органдары жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бар. Идея жөнөкөй: эгерде бул дарылар миллиондогон бейтаптар үчүн натыйжалуулугун жана коопсуздугун далилдесе, биздин жарандар да аларга дароо жетиши керек.
Бул учурда стандарттар төмөндөтүлбөйт. Тескерисинче, дүйнөдөгү эң катуу талаптар биздин ориентирге айланууда. Кыргызстандын дары-дармек сапатын көзөмөлдөө системасы ВССУнун деңгээлинде түзүлүп жаткан глобалдык фармацевтикалык жөнгө салуунун келечеги менен шайкештештирилет.
Мындан тышкары, реформада дагы бир маанилүү аспект бар. Кайталанган жана ашыкча процедураларды жоюу менен мамлекет улуттук жөнгө салуучунун ресурстарын бошотот. Адистер чексиз кагаз иштерине эмес, өлкөгө чындап керек болгон нерселерге: ички рыноктогу дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөөгө, контрафактка каршы күрөшүүгө, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого көңүл бура алышат. Жөнөкөйлөтүү — «баарын өз нугуна коюу» эмес, күчтү туура бөлүштүрүү жөнүндө.
Кыргызстан даары-дармектерди көзөмөлдөөнү өткөрүп бербейт, тескерисинче дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды өз элинин кызыкчылыгына пайдалуу колдонот. Улуттук жөнгө салуучу бардык чечимдерди кабыл алууда акыркы инстанция бойдон калууда.
Жогорку Кенеш кабыл алган мыйзам бейтаптарды «дары менен камсыздоодогу кечигүүнүн кысымынан» арылтат. Чексиз күтүү ордуна алар өз убагында заманбап дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.