Президент Садыр Жапаров “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Ушул Мыйзам мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча КР жогорку саясий жетекчилигинин ички саясий курсунун чараларын андан ары ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазаны тактоо, катуулатуу жана чектөөлөрдү белгилөө жолу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алуунун таасирдүү рычагдарын түзүү максатында иштелип чыккан жана кабыл алынган.
Атап айтканда, кабыл алынган мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизүү каралууда:
– 63-берене 21-бөлүк менен толукталып, анда көрсөтүлгөн Кодекстин 336-343-статьяларында, 344-статьясынын 2, 3, 4-бөлүктөрүндө, 345-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 346-348-статьяларында каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө же белгилүү иш менен алектенүүгө милдеттүү түрдө өмүр бою тыюу салууну дайындоо каралган;
– 65-берененин 3 жана 4-бөлүктөрүнөн, жогоруда аталган кодекстин 337-346-беренелеринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазалардын ичинен айыптарды белгилөө алып салынган;
– 79-берене 11-бөлүк менен толукталып, анда ушул мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн күнөөнү моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндө адам күнөөлүү деп табылганда статьяда каралган жазанын минималдуу мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоо каралган.
Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизилүүдө, атап айтканда:
– соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан, же болбосо аларга карата коррупциялык кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган учурда коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарды мамлекеттик же муниципалдык кызматка кабыл алуудан баш тартуу;
– коррупциялык кылмыштарды жасоодо күнөөлүү деп табылган адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөсүнө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салуу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз