Кыргызстанда жыл башынан бери 41 кызамык жана 6 кызылча оорусу аныкталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Алсак, Бишкек шаарында — 8, Жалал-Абад облусунда — 2, Ош облусунда — 20, Ош шаарында — 7, Баткен облусунда — 2, Чүйдө – 2 учур катталган.
“Негизги себеп болуп балдарды жана чоңдорду кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу иммунизациялоонун камтылышынын төмөндөшү саналат, өсүш профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тарткандардын арасында болууда”, — деп билдирди министрлик.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз