Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Видео: Бишкекте кеңседеги сейфтен 600 миң сом уурдалды
04.04.2023 | 09:56
Бишкекте уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 20-мартта Ленин райондук милицияга К.А. аттуу жаран кайрылып, түнүндө саат 01:25те белгисиз адамдар Токтогул көчөсүндөгү кеңсеге кирип, сейфтен 600 миң сом жана баасы 46 миң сом болгон эки Adidas бут кийимин уурдап кеткенин билдирген.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул ишке шектүү катары 22 жаштагы К.И. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милициядан белгилешкендей, учурда К.И. аттуу шектүүнүн дагы башка 10 уурдоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз