Видео: Казакстанда кыргызстандыкка жоготкон акчасы кайтарылды

Видео: Казакстанда кыргызстандыкка жоготкон акчасы кайтарылды

Казакстанда Кыргызстандын жаранына жоготуп алган капчыгы кайтарылды. Бул тууралуу Polisia.kz билдирди.

Маалым болгондой, 31-мартта Тимур Сулейманов аттуу айдоочу Астанадан келе жатып Айтекебий районунун (Актөбө облусу) Карабутак айылындагы кафелердин бирине чай ичкени кирип, столдун үстүнөн капчык таап алган. Анын ичинде 1,1 миң доллар, 465 миң теңге (1 миң 25 доллар) жана документтер болгон.

Сулейманов табылган капчыкты полиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Ал эми алар жоголгон капчык Кыргызстандын жараны Бекар Хиязовго таандык экенин аныкташкан. Алар капчыктын ээси менен байланышып, табылга тууралуу кабарлаган. Ал учурда Хиязов Карабутак айылынан узап, Казалы шаарына жетип калган (картага ылайык, экөөнүн ортосу 500 чакырымдан ашат).

Жыйынтыгында Хиязовго капчыгы кайтарылган. Ал капчыгын таап, кайтарып берген айдоочу менен полиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирген.

Видео: Маршрутканын айдоочусу жоголгон капчыкты ээсине кайтарды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>