Базар-Коргондо лицей окуучуларына мыйзамсыз аттестат берилген. Башкы прокуратури иш козгодуАдылбек Касымалиев Кытайга иш сапары менен барат«CYBERNOMAD FEST 2026»: Бишкекте улуттук кибермашыгуулар башталдыИюль айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 279,5 млн доллар акча которулганКыргызстан менен Беларусь жарандарын 30 күнгө каттоодон бошототКыргызстандын Каржы министрлиги АКШдагы ири финансылык ишкана StoneX Group менен кызматташат
Кыргызстанда мас абалында унаа башкаргандар үчүн жаза катаалдады
09.06.2026 | 10:35

Кыргызстанда мас абалында унаа башкарууга карата жаза катаалдаштырылды — тиешелүү мыйзамга мамлекет башчысы кол койду.
Эми мас абалында унаа башкаргандар 12 жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат, ал эми административдик камактын мөөнөтү 20 суткага чейин узартылды (мурда — 7 суткага чейин болчу). Эгерде мас айдоочунун айынан жол кырсыгы катталып, андан адамдар жабыркаса, 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат. Ал эми жол кырсыгы адам өлүмүнө алып келсе, айдоочу 10-12 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Ошондой эле, ушул эле мыйзам менен мопед жана электроскутерлерди милдеттүү түрдө каттоо талабы киргизилди — эми алардын ээлери «А1» категориясындагы айдоочулук күбөлүктү алууга милдеттүү болушат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом