Бишкекте электр велосипеддерин уурдап жүргөн деп шектелип эркек киши кармалды

19.11.2026 | 11:11
В Бишкеке задержали мужчину по подозрению в краже электровелосипедов — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында бир нече жолу электр велосипеддерин жана алардын аккумуляторлорун уурдоого шектелип, 35 жаштагы эркек киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга жаран кайрылып, электр велосипединин аккумулятордук батареясын уурдатып жибергенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 40 миң сомду түзгөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Т.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция кармалган жарандын электр велосипеддерин жана аккумулятордук батареяларды уурдоого байланыштуу 10 фактыга тиешеси бар экенин аныктаган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы маалымдалды.

Scroll to Top